# 57-берене. Мажбурлоо сервитутун белгилөөнүн максаттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-57>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-57.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 57-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-57

---

1. Ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган учурларда ыйгарым укуктуу орган кызыкдар жактын талабы боюнча мажбурлоо сервитутун белгилөөгө укуктуу.

2. Мажбурлоо сервитуту төмөнкүлөрдү камсыз кылуу үчүн белгилениши мүмкүн:

1) эгерде жер тилкесине жетүүнүн башка жолу мүмкүн болбосо, өтө кыйын болсо же өлчөөсүз чыгымдарды талап кылса, жер тилкесине кирүүнү;

2) электр берүү, байланыш линияларын тартууну жана эксплуатациялоону, суу менен камсыз кылууну, жылуулук менен камсыз кылууну, мелиорацияны жана мажбурлоо сервитутун белгилөөсүз камсыз кылынышы мүмкүн болбогон башка муктаждыктарды.

---

Мурунку берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-56)  
Кийинки берене: [58-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-58)
