# 53-берене. Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана алардын коомдук бирикмелеринин жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-53>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-53.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 53-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-53

---

1. Кыргыз Республикасынын жарандары жана алардын коомдук бирикмелери калктын кызыкчылыктарына тиешеси бар жерлерди пайдалануу жана коргоо боюнча маселелерди калктын чогулуштары аркылуу кароого катышууга укуктуу.

2. Кыргыз Республикасынын жарандары жана алардын коомдук бирикмелери жерлерди пайдалануу жана коргоо, курчап турган чөйрөнү коргоону жакшыртуу боюнча чараларды жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтөт.

3. Мамлекеттик органдар иши калктын кызыкчылыктарына аларды ишке ашыруунун бардык этаптарында тиешеси болгон объекттерди жайгаштыруу үчүн жерлерди алып коюу жана берүү жөнүндө калкка маалымдайт.

---

Мурунку берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-52)  
Кийинки берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-54)
