# 51-берене. Жер тилкесинин менчик ээсинин жана жерди пайдалануучунун укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 51-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-51

---

1. Эгерде мыйзамда, укук белгилөөчү документте же келишимде башкача каралбаса, жер тилкесинин менчик ээси жана жерди пайдалануучу төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жерди максаттуу багыты боюнча пайдалануу менен анда өз алдынча чарба жүргүзүүгө;

2) жер тилкесине болгон укукту бузууга, анын эркинен тышкары жер тилкесине басып кирүүгө болгон ар кандай аракеттерге бөгөт коюуга;

3) айыл чарба жана башка өсүмдүктөрдү жана көчөттөрдү отургузууга жана себүүгө, жер тилкесин пайдалануунун натыйжасында алынган айыл чарба жана башка өсүмдүктөргө жана аны сатуудан түшкөн кирешеге менчик укугуна;

4) жер тилкесинде жайгашкан жалпы таралган пайдалуу кендердин жер бетине чыгуучу майда кендерин, токой жерлерин, суу объекттерин пайдаланууга, ошондой эле жердин башка пайдалуу касиеттерин эксплуатациялоого;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда чыгымдардын ордун толтуртуп алууга;

6) архитектуралык-пландоо, курулуш, авиациялык, экологиялык, тарыхый-маданий, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка талаптарды, ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди сактоо менен жер тилкесинин максаттуу багытына карама-каршы келбеген объекттерди курууну жүзөгө ашырууга;

7) курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык жана башка атайын талаптарга ылайык сугат, кургатуу, маданий-техникалык жана башка мелиорациялык иштерди жүргүзүүгө;

8) ушул Кодексте белгиленген чектөөлөр менен бирге жер тилкесине укук менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө, ошондой эле үч жылга чейинки мөөнөткө өз алдынча жер тилкесине бөлбөстөн, жер тилкесинин бир бөлүгүн үчүнчү жактарга пайдаланууга берүүгө;

9) ушул Кодексте каралган башка аракеттерди жасоого.

2. Бузулган укуктар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте калыбына келтирилүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-50)  
Кийинки берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-52)
