# 49-берене. Жер тилкесине болгон укук токтотулганда имарат жана курулма

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 49-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-49

---

1. Жер тилкесине болгон укук токтотулганда жер тилкесинде жайгашкан имараттын жана/же курулманын келечеги анын менчик ээси тарабынан аныкталат.

2. Табигый кырсыктардын келип чыгуу коркунучунда менчик ээлеринин коопсуз райондорго көчүрүлүшүнө байланыштуу жер тилкесине болгон укук токтотулган учурда жер тилкесинде калган имараттар жана/же курулмалар милдеттүү түрдө бузулууга/көчүрүлүүгө тийиш.

3. Табигый кырсыктардын келип чыгуу коркунучунда менчик ээлеринин коопсуз райондорго көчүрүлүшүнө байланыштуу курулмалары бар жер тилкесине болгон укукту токтотууну каттоо өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча ыйгарым укуктуу органдын корутундусунун негизинде жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-48)  
Кийинки берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-50)
