# 48-берене. Бир нече батирлер жана/же турак эмес жайлар жайгашкан үйдүн жанындагы жер тилкесине болгон укук

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-48>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-48.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 48-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-48

---

1. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, бир нече батирлер жана/же турак эмес жайлар (көп батирлүү үйлөр) жайгашкан үйдүн жанындагы жер тилкеси бөлүнбөс болуп саналат жана батирлердин жана/же турак эмес жайлардын менчик ээлерине жалпы үлүштүк менчик укугунда таандык болот.

Батирге жана/же турак эмес жайга болгон менчик укугун жер тилкесине болгон жалпы үлүштүк менчик укугундагы үлүштү өткөрүп берүүсүз, өткөрүүсүз, ипотекасыз берүүгө, өткөрүүгө, ипотекага, ошондой эле бул үлүштү батирге жана (же) турак эмес жайга менчик укугунан өзүнчө өткөрүп берүүгө, өткөрүүгө, ипотекалоого жол берилбейт.

2. Көп батирлүү бир кабаттуу үй алдындагы жер тилкеси ушул Кодекстин 43-беренесинин 1-пунктунун талаптары сакталган шартта жана ошол үйдө жайгашкан турак жана/же турак эмес жайлардын ээлеринин көпчүлүгүнүн макулдугу менен бөлүнүшү мүмкүн. Бир кабаттуу көп батирлүү үйдүн жанындагы жалпы үлүштүк менчикте турган жер тилкесин бөлүштүрүү укук белгилөөчү жана/же укук күбөлөндүрүүчү документтерде көрсөтүлгөн менчик ээлерине таандык болгон үлүштөргө пропорционалдуу жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-47)  
Кийинки берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-49)
