# 46-берене. Имараттын жана/же курулманын жана жер тилкесинин ортосундагы өз ара байланыш

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 46-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-46

---

1. Имарат жана/же курулма ушул имаратка жана курулмага бекитилип берилген жер тилкесине болгон укуктан ажыратылбайт.

2. Имараттын жана/же курулманын менчик ээси бул имаратка жана курулмага өзү каалагандай ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө, анын ичинде эгерде бул жер тилкесин пайдалануунун шарттарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна каршы келбесе, аларды бузууга укуктуу.

3. Эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача каралбаса, жер тилкеси убактылуу пайдаланууга өтүп жаткан чет өлкөлүк жактарды кошпогондо, имаратка жана/же курулмага же алардын бөлүгүнө болгон менчик укугун башка адамга өткөрүп берүүдө, өткөрүүдө, ипотекалоодо ал имараттын жана/же курулманын мурдагы менчик ээси менен бирдей шартта жана көлөмдө ушул имаратка жана/же курулмага бекитилип берилген жер тилкесине болгон укукка ээ болот.

4. Убактылуу пайдаланууга берилген жер тилкелерине имараттарды жана/же курулмаларды курууга укук белгилөөчү документте көрсөтүлгөн жер тилкесинин максаттуу багытына ылайык жол берилет.

---

Мурунку берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-45)  
Кийинки берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-47)
