43-берене. Бөлүнүүчү жана бөлүнбөс жер тилкелери
Күчүндө · 18.07.2025 редакциясы · 4-глава
1. Жер тилкеси бөлүнүүчү жана бөлүнбөс болушу мүмкүн. Максаттуу багытын өзгөртпөстөн жана өрткө каршы, санитардык, экологиялык, шаар куруу ченемдерин жана эрежелерин бузбастан бөлүктөргө бөлүнүшү мүмкүн болгон жер тилкеси бөлүнүүчү жер тилкеси болуп саналат, алардын ар бири бөлүнгөндөн кийин өз алдынча жер тилкесин түзөт.
2. Жер мамилелери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган укук ээси укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен тиешелүү арыз менен кайрылганда бөлүнүүчү жер тилкелерин бөлүүгө (бөлүштүрүүгө) баштапкы жер тилкесине бириктирүүгө укуктуу.
3. Жер тилкесин бөлүүдө (бөлүштүрүүдө) бир нече жер тилкелери түзүлөт, ал эми бөлүүдө (бөлүштүрүүдө) жер тилкелери түзүлгөн жер тилкеси жок болот.
Жер тилкесин бөлүүдө (бөлүштүрүүдө) анын менчик ээсинде бөлүштүрүүнүн натыйжасында түзүлүүчү бардык жер тилкелерине болгон менчик укугу пайда болот. Эгерде мындай катышуучулардын ортосундагы макулдашууда башкача белгиленбесе, жалпы менчикте турган жер тилкесин бөлүүдө (бөлүштүрүүдө) жалпы менчиктин катышуучулары, мындай бөлүштүрүүнүн натыйжасында түзүлүүчү бардык жер тилкелерине болгон жалпы менчик укугун сактап калат.
4. Мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жана туруктуу (мөөнөтсүз) пайдалануу, ижарага берүү же акысыз пайдалануу укугунда берилген жер тилкесин бөлүү (бөлүштүрүү) жер мамилелери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан архитектура органдарынын корутундусунун негизинде жүзөгө ашырылат.
5. Чектеш жер тилкелерин бириктирүүдө бир жер тилкеси түзүлөт жана мындай чектеш жер тилкелеринин бар болушу токтотулат.
Жер тилкелерин бириктирүүдө менчик ээсинде түзүлүүчү жер тилкесине болгон менчик укугу пайда болот. Ар кандай жактарга менчик укугунда таандык болгон жер тилкелерин бириктирүүдө мындай жактарда түзүлүүчү жер тилкелерине жалпы менчик укугу пайда болот. Жалпы менчик укугунда ар кандай жактарга таандык болгон жер тилкелерин бириктирүүдө аларда Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлүүчү жер тилкесине болгон жалпы менчик укугу пайда болот.
6. Менчик ээсинин жана күрөө кармоочунун макулдугу менен күрөөгө коюлган жер тилкесин бириктирүүгө жана бөлүүгө жол берилет. Эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача каралбаса, мында күрөө укугу бүтүндөй түзүлгөн жер тилкесине жайылтылат.
7. Жер тилкесинин бөлүнбөстүгү архитектура органдарынын маалыматтарынын негизинде кадастрдык планда чагылдырылат.
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
43-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029465/st-43" title="43-берене - Кыргыз Республикасынын Жер кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>