# 42-берене. Имараттар жана/же курулмалар турган жер тилкесине болгон укуктун ипотекасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 42-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-42

---

1. Эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, эгерде жер тилкесинде имараттар жана/же курулмалар жайгашкан болсо, ошол жер тилкесине болгон укуктун ипотекасы, бир эле учурда көрсөтүлгөн имараттарга жана курулмаларга болгон укуктук ипотекасы менен коштолот.

2. Эгерде жер тилкесинде жалпы менчикте турган имараттар жана/же курулмалар жайгашкан болсо, имараттын жана/же курулманын бир бөлүгүнө болгон укук ипотекасы жалпы пайдаланууда же жалпы (биргелешкен, үлүштүк) менчикте турган жер тилкесиндеги күрөө берүүчүнүн үлүшү бир эле учурда ипотекага бериле тургандыгын билдирет.

---

Мурунку берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-41)  
Кийинки берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-43)
