# 4-берене. Жерге болгон мамлекеттик менчик

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 4-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-4

---

1. Мамлекеттик жер пайдалануучуларга берилген жерлер, токой, суу фонддорунун жерлери, өзгөчө корголуучу жаратылыш жана тарыхый-маданий аймактардын жерлери, запастагы жерлер, чек ара тилкелеринин жана чек арага чектеш аймактардын жерлери, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери, жайыттар жана муниципалдык жана жеке менчикке өткөрүп берилбеген башка жерлер мамлекеттин менчигинде болот.

2. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жайыттары, токойлору жана жерлери мамлекеттин гана менчигинде болот.

3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилиши мүмкүн.

4. Жерге болгон мамлекеттик менчик укугун Министрлер Кабинети, ошондой эле тиешелүү административдик аймактын чегиндеги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жүзөгө ашырат.

Министрлер Кабинет мамлекеттик менчикте турган жерлерди башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-5)
