# 39-берене. Универсалдуу укук мурастоо тартибинде жер тилкесине болгон укуктун өтүшү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 39-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-39

---

1. Жер тилкесине болгон укук Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык универсалдуу укук мурастоо тартибинде (мурастоо, кайра уюштуруу) жеке жана юридикалык жактан башка жакка өтүшү мүмкүн.

2. Эгерде жер тилкесинин мураскору чет өлкөлүк жак болуп калса, ал жер тилкесине болгон укук пайда болгон учурдан тартып бир жылдын ичинде аны Кыргыз Республикасынын субъектине ажыратууга милдеттүү.

3. Эгерде чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендеш статусун алган чет өлкөлүк жаран жер тилкесинин мураскору болуп калса, ал жер тилкесине болгон укук пайда болгон учурдан тартып 10 жылдын ичинде аны Кыргыз Республикасынын субъектине ажыратууга милдеттүү.

4. Эгерде чет өлкөлүк жак тарабынан мурас боюнча өткөн жер тилкесине болгон укук ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттө ээликтен ажыратылбаган учурда, ээликтен ажыратуу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 283-статьясында каралган тартипте жүргүзүлөт.

5. Эгерде чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештин статусун алган чет өлкөлүк жаран ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттө жер тилкесине болгон укукту ээликтен ажыратпаса, анда аны ажыратуу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 283-статьясынын 2-пунктунда каралган тартипте жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-38)  
Кийинки берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-40)
