# 38-берене. Айыл чарба багытындагы жерлерде чарба жүргүзүүнүн формалары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 38-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-38

---

1. Айыл чарба жерлеринин менчик ээси биргелешкен менчикке (үй-бүлөлүк фермердик чарбаларына) негизделген жерде чарба жүргүзүүнүн башка формаларын түзүүгө, ошондой эле айыл чарба багытындагы кооперативдерге биригүүгө жана кооперативге же жөнөкөй шериктештикке менчик укугунда ага таандык болгон айыл чарба жерин пайдаланууга берүү менен жөнөкөй шериктештиктерди түзүүгө укуктуу. Айыл чарба жерлеринин менчик ээсинин жерди мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жөнүндө эркин билдирүүсү жазуу жүзүндө түзүлгөн келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Айыл чарба жеринин менчик ээси жер тилкесин менчикке өткөрүп берүү укугусуз чет өлкөлүк жарандар жана чет өлкөлүк катышуусу бар юридикалык жактар менен чарба жүргүзүүнүн биргелешкен формаларын түзүүгө укуктуу.

§ 4. Универсалдуу укук мурастоо тартибинде жер тилкесине болгон укуктун өтүшү

---

Мурунку берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-37)  
Кийинки берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-39)
