# 36-берене. Жер казынасын геологиялык изилдөөдө жер тилкесин пайдалануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 36-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-36

---

1. Жер казынасын геологиялык изилдөөдө (пайдалуу кендерди издөө, чалгындоо жана башка долбоорлоо-изилдөө иштери) жер казынасын пайдалануучуга маданият, айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын оң корутундусу бар болгондо жер тилкесин убактылуу пайдаланууга жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жазуу жүзүндөгү макулдугу берилет.

2. Жер казынасын геологиялык изилдөөдө жер катмарынын бүтүндүгүн бузуу менен (пайдалуу кендерди чалгындоо жана башка долбоорлоо-изилдөө иштери) жер казынасын пайдалануучуга жер катмарынын бүтүндүгүн бузгандыгы жана андан ары жер тилкесин рекультивациялоо үчүн милдеттүү түрдө акы төлөө менен жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жер тилкесин убактылуу пайдаланууга жазуу жүзүндөгү макулдугу берилет.

3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жер тилкесин мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүгө макулдугу жер тилкесин ижаралоо боюнча бүтүм болуп саналбайт, аны пайдаланууга берүү үчүн төлөм жер казынасын пайдалануучудан алынбайт.

4. Жер казынасын геологиялык изилдөө жүргүзүүгө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын макулдугу берилген жерлер жер тилкесинин укук ээси тарабынан айыл чарба муктаждыктары үчүн пайдаланылат.

§ 3. Жер тилкесин өткөрүп берүү

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-37)
