Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
34-берене. Жер казынасын пайдалануу үчүн жер тилкелерин берүү
Күчүндө · 18.07.2025 редакциясы · 3-глава
1. Жер казынасын пайдалануу үчүн жер тилкелери кийин милдеттүү түрдө рекультивациялоо менен жер казынасын пайдалануу укугунун мөөнөтүнө убактылуу пайдаланууга гана берилиши мүмкүн.
2. Жер казынасын пайдалануу үчүн жер тилкесинин чектери жана өлчөмдөрү техникалык долбоор же жер астындагы сууларды алуунун технологиялык схемасы менен аныкталат.
3. Айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркынын суммасын төлөө жер казынасын пайдалануучу тарабынан укук күбөлөндүрүүчү документтер берилгенге чейин жүргүзүлөт.
Өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин жана өзгөчө корголуучу жаратылыш жана тарыхый-маданий аймактарды кошпогондо, жер тилкелери пайдалуу кендерди иштетүү жана инфратүзүм объекттерин куруу үчүн берилүүчү тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын оң корутундусу бар болгондо жер казынасын пайдалануучуга Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жердин башка категориясына которуусуз (трансформациялоосуз) берилет. Лицензияны колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин жер казынасын пайдалануучу жер казынасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер тилкесине рекультивациялоо жүргүзөт.
4. Эгерде пайдалуу кен чыккан жерлер табылган жер тилкеси менчикте же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууда болсо, анда мамлекет иштетүү жана жер тилкесин алып коюу жөнүндө чечим кабыл алган учурда менчик ээси же жерди пайдалануучу тарткан чыгымдардын ордун толтурууга же башка жер тилкесин берүүгө милдеттүү.
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029465/st-34" title="34-берене - Кыргыз Республикасынын Жер кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>