# 33-берене. Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 33-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-33

---

1. Улуттук коопсуздукту, коргонуу жөндөмдүүлүгүн, өзгөчө кырдаалдардын алдын алууну жана кесепеттерин жоюуну камсыз кылуу, өнөр жай ишканаларын, турак жай-коммуналдык чарба объекттерин, темир жана автомобиль жолдорун, май куюучу станцияларды, күйүүчү-майлоочу материалдарды сактоочу жайларды, электр берүү линияларын жана магистралдык өткөргүч түтүктөрдү, рекреация объекттерин жана башка объекттерди куруу максатында жер тилкелери айыл чарба багытындагы эмес жерлерден берилет.

2. Аталган максаттар үчүн мамлекеттик токой фондунун жерлеринен жер тилкелерин берүү негизинен токой каптабаган аянттардын эсебинен жүргүзүлөт, буга айыл чарба жерлери же анча баалуу эмес бак-дарактар ээлеген аянттар кирбейт.

3. Электр берүү линияларын, байланыш курулмаларын, магистралдык түтүк өткөргүчтөрдү жана башка линиялык курулмаларды куруу үчүн жер тилкелер негизинен учурдагы жолдорун, жер тилкелеринин чек араларын, ирригациялык тармактын каналдарын бойлото жер тилкелер бөлүнүп берилет.

Ушул бөлүктө каралган максаттар үчүн маданият, айлана-чөйрөнү коргоо, саламаттык сактоо жана курулуш чөйрөсүндөгү тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын оң корутундусу бар болгондо жерлерди которуусуз (трансформациялоосуз) пайдаланууга жол берилет.

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-34)
