# 30-берене. Жер тилкесин менчикке же пайдаланууга акысыз берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 30-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-30

---

1. Жер тилкеси ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жеке турак үй куруу үчүн короо-жай тилкеси үчүн үчүнчү жактардын укуктарынан бош жерлер болгондо Кыргыз Республикасынын жарандарына бир жолу акысыз берилет.

Короо-жай тилкесинин ченемдери тиешелүү аймакта ыйгарым укуктуу органдар тарабынан белгиленет.

2. Мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануучуларга ыйгарым укуктуу орган тарабынан жер тилкелери пайдаланууга акысыз берилет.

Жерлерди менчикке же пайдаланууга акысыз берүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

3. Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген улуттук жана/же мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун тизмегине киргизилген улуттук жана/же мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жер тилкелери акысыз берилет.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-31)
