# 3-берене. Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 3-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-3

---

Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдары төмөнкү принциптерге негизделет:

1) жерди жаратылыш объекти, Кыргыз Республикасынын элинин жашоо-турмушунун, өнүгүүсүнүн жана иш-аракетинин негиздери катары сактоо;

2) мамлекеттик жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу;

3) жер рыногун өркүндөтүү жана аны натыйжалуу иштетүү;

4) жердин менчик ээлеринин жана жер пайдалануучулардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо жана коргоо;

5) жерди натыйжалуу пайдалануу;

6) жерди максаттуу пайдалануу;

7) айыл чарба багытындагы жерлердин артыкчылыгы;

8) жерге болгон укуктар жөнүндө маалыматтардын жеткиликтүүлүгү;

9) жерди пайдалануу жана коргоо боюнча иш-чараларды мамлекеттик колдоо;

10) жерге зыян келтирүүнүн алдын алуу же анын кесепеттерин жоюу;

11) жер үчүн акы төлөө;

12) жерге болгон менчиктин бардык формаларынын теңдиги.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-4)
