# 27-берене. Жер тилкесин жеке менчикке же пайдаланууга берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 27-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-27

---

1. Жер тилкесин жеке жана юридикалык жактарга менчикке же пайдаланууга берүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан акысыз же акы төлөө негизинде жүргүзүлөт.

2. Жер тилкесин берүүдө чек аралар иш жүзүндө (жеринде) белгиленгенге жана жер тилкесине кадастрдык план берилгенге чейин жер тилкесин пайдаланууга киришүүгө тыюу салынат.

3. Административдик-аймактык реформанын алкагында кошулган шаарларда жана айылдык аймактарда турак жай куруу үчүн жер тилкесин алууга кезекке катталган жарандар өздөрүнүн мурдагы калктуу конуштарынан жер тилкелерин административдик-аймактык реформа жүргүзүлгөнгө чейин болгон кезектүүлүк тизмеси боюнча алышат.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-28)
