# 26-берене. Менчик ээлеринин жана жерди пайдалануучулардын милдеттенмелери боюнча жер тилкесин өндүрүп алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 26-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-26

---

1. Жер тилкесине болгон укук жеке жана юридикалык жактардын мүлкүнүн курамына кирет, алар өз милдеттенмелери боюнча, банкрот деп табылган учурларды кошуп жооп берет.

2. Менчикте же пайдаланууда турган жер тилкесине Кыргыз Республикасынын күрөө жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте кредиторлордун талаптары боюнча өндүрүп алуу жүргүзүлүшү мүмкүн.

Жер тилкесине болгон менчик укугу же пайдалануу укугу токтотулушу мүмкүн, ал эми кредиторлордун талаптарын канааттандыруу жер тилкесине болгон укукту ачык тооруктарда сатуудан алынган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.

3. Мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануучунун пайдалануусунда турган жер тилкесинен өндүрүп алууга болбойт.

4. Айыл чарба багытындагы жер тилкелерине болгон менчик укугу өткөн банктар жана адистештирилген финансы-насыялык мекемелер бул жер тилкелерин ээликтен ажыратуу укугу пайда болгон учурдан тартып 2 жылдын ичинде ишке ашырууга милдеттүү.

§ 2. Жер тилкесин берүү

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-27)
