# 15-берене. Айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 15-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-15

---

1. Айыл чарба жерлерин жерлердин бир категориясынан жерлердин башка категорияларына же айыл чарба жана токой чарба өндүрүшү менен байланышпаган жерлердин түрлөрүнө которууда (трансформациялоодо) жаңы жер пайдалануучулар жана менчик ээлери тарабынан жоготуулардын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасы төлөнөт.

Айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу максатында алардын ченемдери Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

2. Жеке менчикте турган айыл чарба жерлеринин түрлөрүн жерлердин айыл чарба эмес багытындагы жерлердин башка категориясына которууда менчик ээси жоготуулардын ордун толтурууну ушул Кодекстин 16-беренесинин талаптарын эске алуу менен төлөйт.

3. Айыл чарба жоготууларынын ордун толтуруудан түшкөн каражаттар республикалык бюджетке түшөт, токой чарбасындагы жоготуулардын ордун толтуруудан түшкөн каражаттар аймактык ыйгарым укуктуу органдын атайын эсебине чегерилет жана жаратылышты коргоо иш-чараларына багытталат, алынбай калган пайданын ордун толтуруудан түшкөн каражаттар жергиликтүү бюджетке түшөт.

Айыл чарба жана токой чарба жоготууларынын, алынбай калган пайданын ордун толтуруудан түшкөн каражаттарды пайдалануунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

4. Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген улуттук жана/же мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун тизмегине киргизилген улуттук жана/же мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жана берүү айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтурууну төлөбөстөн жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-16)
