# 14-берене. Жерлердин максаттуу багытын белгилөө жана өзгөртүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 14-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-14

---

1. Жерлердин максаттуу багытын белгилөө жер тилкесин менчикке же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүдө жүргүзүлөт.

2. Жерлердин максаттуу багытын өзгөртүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

1) калктуу конуштардын ичинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген шаар куруу документтеринин негизинде жүргүзүлөт;

2) калктуу конуштардын жерлерин кошпогондо, айыл чарба жана айыл чарба эмес багытындагы жерлер Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген компетенциялардын чегинде ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

3. Жер тилкесин пайдалануу укук белгилөөчү документте көрсөтүлгөн максаттуу багытка ылайык жүзөгө ашырылат.

4. Жерлердин максаттуу багыты, категориясы жана чарба жерлеринин түрү төмөнкү укук белгилөөчү документтерде көрсөтүлөт:

1) жер тилкелерин берүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын;

2) жер тилкелери предмети болуп саналган келишимдерде;

3) жерди эсепке алуу документтеринде;

4) кадастрдык планда.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-15)
