# 13-берене. Жерлерди категорияларга киргизүү жана аларды бир категориядан башкага которуу (трансформациялоо) жана жерлердин бир түрүнөн башка түрүнө которуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 13-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-13

---

1. Жерлерди тиешелүү категорияга киргизүү милдеттүү болуп саналат жана жерлердин максаттуу багытын белгилөөлөрдө же өзгөртүүлөрдө бир убакта жүргүзүлөт.

2. Жерлерди бир категориядан башкасына которуу (трансформациялоо) жерлердин негизги максаттуу багыты өзгөргөн учурда жүргүзүлөт.

3. Айыл чарба жерлерин кошпогондо, жерлердин бир категориясынын ичиндеги жерлердин түрүн өзгөртүү бир түрдөн башкага которуусуз (трансформациялоосуз) жүргүзүлөт.

Мында калктуу конуштардын чек араларында жерлердин түрүн өзгөртүү шаар куруу документтеринин негизинде бир түрдөн башкасына которуусуз (трансформациялоосуз) жүргүзүлөт. Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык берилген берененин 3-бөлүгү 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

4. Мамлекеттик жер кадастрынын маалыматтарында, укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтеринде көрсөтүлгөн жер тилкесинин жерлердин белгилүү бир категориясына таандыктыгы жөнүндө маалыматтардын ортосунда карама-каршылыктар бар болгон учурда, жер тилкелерин белгилүү бир категорияга киргизүү укук белгилөөчү же укук күбөлөндүрүүчү документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде жер тилкесинин укук ээсинин арызы боюнча жүргүзүлөт.

5. Эгерде жердин категориясы мамлекеттик жер кадастрынын маалыматтарында, укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтеринде көрсөтүлбөгөн учурда, жер тилкесинин максаттуу багытына жараша жер тилкесин жерлердин белгилүү бир категориясына киргизүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан акт кабыл алынат.

6. Жер тилкелерин берүүнүн төмөнкү учурларын кошпогондо, жерлерди максаттуу багыты боюнча эмес пайдаланууга жол берилбейт:

1) электр байланыш операторлоруна байланыш курулмаларын куруу жана/же орнотуу үчүн 36 м2 ашпаган өлчөмдө;

2) электр берүү линияларын орнотуу үчүн.

7. Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-14)
