Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
13-берене. Жерлерди категорияларга киргизүү жана аларды бир категориядан башкага которуу (трансформациялоо) жана жерлердин бир түрүнөн башка түрүнө которуу
Күчүндө · 18.07.2025 редакциясы · 1-глава
1. Жерлерди тиешелүү категорияга киргизүү милдеттүү болуп саналат жана жерлердин максаттуу багытын белгилөөлөрдө же өзгөртүүлөрдө бир убакта жүргүзүлөт.
2. Жерлерди бир категориядан башкасына которуу (трансформациялоо) жерлердин негизги максаттуу багыты өзгөргөн учурда жүргүзүлөт.
3. Айыл чарба жерлерин кошпогондо, жерлердин бир категориясынын ичиндеги жерлердин түрүн өзгөртүү бир түрдөн башкага которуусуз (трансформациялоосуз) жүргүзүлөт.
Мында калктуу конуштардын чек араларында жерлердин түрүн өзгөртүү шаар куруу документтеринин негизинде бир түрдөн башкасына которуусуз (трансформациялоосуз) жүргүзүлөт. Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык берилген берененин 3-бөлүгү 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
4. Мамлекеттик жер кадастрынын маалыматтарында, укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтеринде көрсөтүлгөн жер тилкесинин жерлердин белгилүү бир категориясына таандыктыгы жөнүндө маалыматтардын ортосунда карама-каршылыктар бар болгон учурда, жер тилкелерин белгилүү бир категорияга киргизүү укук белгилөөчү же укук күбөлөндүрүүчү документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде жер тилкесинин укук ээсинин арызы боюнча жүргүзүлөт.
5. Эгерде жердин категориясы мамлекеттик жер кадастрынын маалыматтарында, укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтеринде көрсөтүлбөгөн учурда, жер тилкесинин максаттуу багытына жараша жер тилкесин жерлердин белгилүү бир категориясына киргизүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан акт кабыл алынат.
6. Жер тилкелерин берүүнүн төмөнкү учурларын кошпогондо, жерлерди максаттуу багыты боюнча эмес пайдаланууга жол берилбейт:
1) электр байланыш операторлоруна байланыш курулмаларын куруу жана/же орнотуу үчүн 36 м2 ашпаган өлчөмдө;
2) электр берүү линияларын орнотуу үчүн.
7. Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.07.2025 · № 150
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029465/st-13" title="13-берене - Кыргыз Республикасынын Жер кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>