# 128-берене. Жерлерге мониторинг жүргүзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-128>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-128.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 128-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-128

---

1. Жерлерге мониторинг жүргүзүү өзгөрүүлөрдү өз убагында аныктоо, аларга баа берүү, терс процесстердин кесепеттерин алдын алуу жана жоюу үчүн жер фондунун абалына туруктуу байкоо жүргүзүү тутумун билдирет.

2. Жерлерге мониторинг жүргүзүү жер ресурстарын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

3. Жерлерге мониторинг жүргүзүүнүн түзүмү, мазмуну жана тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [127-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-127)  
Кийинки берене: [129-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-129)
