# 124-берене. Кадастрдык сүрөткө тартуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-124>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-124.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 124-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-124

---

Кадастрдык сүрөткө тартуу жер тилкелеринин чек араларын аныктоо, аларды координациялоо жана кадастрдык карталарда жана пландарда чагылдыруу максатында аткарылуучу топографиялык сүрөткө тартуунун бир түрүн билдирет. Кадастрдык сүрөткө тартуу топографиялык-геодезиялык иштерди жүргүзүүдө белгиленүүчү техникалык талаптарга ылайык, жер тилкесинин өлчөмдөрү менен шартталган масштабдарда аэрофототопографиялык, фотограмметриялык же жердеги методдор менен жүзөгө ашырылат. Кадастрдык сүрөткө кыртыш, геоботаникалык, мелиоративдик, агрохимиялык жана башка атайын изилдөөлөр жана издөөлөр кирет.

---

Мурунку берене: [123-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-123)  
Кийинки берене: [125-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-125)
