# 123-берене. Жерди кадастрдык баалоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-123>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-123.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 123-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-123

---

1. Бардык категориялардагы жерлерди кадастрдык баалоо табигый жана нарктык көрсөткүчтөрдүн тутумунун жардамы менен жүргүзүлөт. Жерди кадастрдык баалоо Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлөт.

2. Ар түрдүү максаттуу багыттагы жерлерди кадастрдык баалоо жерди пайдалануунун натыйжалуулугунун деңгээлин белгилөө, жер салыгынын ставкаларын эсептөө, айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана зыяндарынын ордун толтуруу үчүн жүргүзүлөт.

3. Жер кадастрдык баалоо жөнүндө маалыматтар жер-баалоо маалыматы болуп саналат.

---

Мурунку берене: [122-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-122)  
Кийинки берене: [124-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-124)
