# 121-берене. Жерлерди которууга (трансформациялоого) байланыштуу жерди эсепке алуу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-121>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-121.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 121-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-121

---

1. Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө чечим ал кабыл алынган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде жергиликтүү каттоо органына жиберилет.

Жергиликтүү каттоо органы 10 жумуш күндүн ичинде жерди эсепке алуу документине өзгөртүүлөрдү киргизет. Которулган (трансформацияланган) жер тилкесине укук күбөлөндүрүүчү документ берилген учурдан тартып жерлер которулду (трансформацияланды) деп эсептелет.

2. Жерлерди которууда (трансформациялоодо) кабыл алынган чечимге карата жер тилкелерине укук белгилөөчү документтерди кайра тариздөө талап кылынбайт. Жер тилкесине укук күбөлөндүрүүчү документтерге тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет же укук ээсинин арызы боюнча жер тилкесине укук күбөлөндүрүүчү жаңы документ берилет.

---

Мурунку берене: [120-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-120)  
Кийинки берене: [122-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-122)
