121-берене. Жерлерди которууга (трансформациялоого) байланыштуу жерди эсепке алуу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү
Күчүндө · 18.07.2025 редакциясы · 21-глава
1. Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө чечим ал кабыл алынган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде жергиликтүү каттоо органына жиберилет.
Жергиликтүү каттоо органы 10 жумуш күндүн ичинде жерди эсепке алуу документине өзгөртүүлөрдү киргизет. Которулган (трансформацияланган) жер тилкесине укук күбөлөндүрүүчү документ берилген учурдан тартып жерлер которулду (трансформацияланды) деп эсептелет.
2. Жерлерди которууда (трансформациялоодо) кабыл алынган чечимге карата жер тилкелерине укук белгилөөчү документтерди кайра тариздөө талап кылынбайт. Жер тилкесине укук күбөлөндүрүүчү документтерге тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет же укук ээсинин арызы боюнча жер тилкесине укук күбөлөндүрүүчү жаңы документ берилет.
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
121-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029465/st-121" title="121-берене - Кыргыз Республикасынын Жер кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>