# 115-берене. Мамлекеттик жер кадастры

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-115>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-115.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 115-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-115

---

1. Мамлекеттик жер кадастры Кыргыз Республикасынын жер фондунун башка категорияларынын ичинен айыл чарба багытындагы жерлердин артыкчылыгын, жердин айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө жарактуулугунун даражасын, айыл чарба жерлеринин түшүмдүүлүгүн жана алардын баалуулугун аныктоого мүмкүндүк берүүчү жерлердин сапатынын көрсөткүчтөрүн камсыз кылат.

2. Мамлекеттик жер кадастрынын маалыматтары жерлерди пайдаланууну жана коргоону пландаштырууда, чарбалык ишти баалоодо жана жерди пайдалануу жана коргоо менен байланышкан иш-чараларды жүзөгө ашырууда, жерге жайгаштырууну жүргүзүүдө негиз болуп саналат.

3. Мамлекеттик жер кадастры жер тилкесинин таандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастан бардык жерлерде жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [114-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-114)  
Кийинки берене: [116-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-116)
