# 114-берене. Жерлердин пайдаланылышын жана корголушун мамлекеттик контролдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-114>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-114.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 114-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-114

---

1. Жерлердин пайдаланылышын жана корголушун мамлекеттик контролдоо ыйгарым укуктуу органдар жана жерлердин пайдаланылышына жана корголушуна контролду жүзөгө ашыруучу башка мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Өз компетенциясынын чегинде жерлерди пайдалануу жана коргоо маселелери боюнча мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу органдардын жазма буйруктары жер тилкелеринин бардык менчик ээлери жана жер пайдалануучулар үчүн милдеттүү.

3. Жерлердин пайдаланылышына жана корголушуна мамлекеттик контролду жүргүзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [113-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-113)  
Кийинки берене: [115-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-115)
