# 110-берене. Жерди коргоонун мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-110>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-110.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 110-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-110

---

1. Жер тилкесинин ээлери жана жерди пайдалануучулар төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

1) жер тилкелерин сарамжалдуу пайдаланууну;

2) кыртыштын асылдуулугун, ошондой эле жердин башка касиеттерин калыбына келтирүүнү жана жогорулатууну;

3) жерлерди деградациядан, суу жана шамал эрозиясынан, селдерден, суу каптоодон, саз басуудан, экинчи шор басуудан, тыгыздануудан, өндүрүш калдыктарынын, химиялык жана радиоактивдүү заттарынын булгануусунан, бузулуунун башка процесстеринен коргоону;

4) айыл чарба жерлерин жана башка жерлерди карантиндик зыянкечтерден жана өсүмдүктөрдүн илдеттеринен, отоо чөптөрдүн, бадалдардын өсүп кетишинен, жерлердин маданий-техникалык абалынын начарлашынын башка түрлөрүнөн коргоону;

5) бузулган жерлерди рекультивациялоону, алардын асылдуулугун жана жердин башка пайдалуу касиеттерин калыбына келтирүүнү жана аны өз убагында чарбалык жүгүртүүгө тартууну;

6) жерди бузуу менен байланышкан иштерди жүргүзүүдө кыртыштын асылдуулук катмарын алууну, пайдаланууну жана сактоону;

7) эгерде кыртыштын асылдуулугун башка ыкмалар менен калыбына келтирүү мүмкүн болбосо, деградацияланган айыл чарба жерлерин консервациялоону.

2. Жерди коргоонун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [109-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-109)  
Кийинки берене: [111-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-111)
