# 11-берене. Жерге болгон укуктарды жана алар менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 11-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-11

---

1. Жер тилкесине болгон укуктар менен жасалган бүтүмдөр мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш жана мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбайт.

2. Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде төмөнкүлөр мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш: жер тилкесине укуктардын пайда болушу, аларды өткөрүп берүү, өтүүсү, чектөөлөр, сервитут, ипотекасы жана аларды токтотуу.

3. Жер тилкесине болгон укук менен жасалган бардык бүтүмдөр кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-12)
