# 109-берене. Жерди коргоонун милдеттери жана максаттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-109>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-109.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 109-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-109

---

1. Жерлерди коргоо, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн бир бөлүгү катары жерди коргоого, жерлерди сарамжалдуу пайдаланууга, жерлерди айыл чарба жана токой чарба жүгүртүүсүнөн негизсиз алып коюуну болтурбоого, зыяндуу антропогендик таасирлерден коргоого, ошондой эле кыртыштын асылдуулугун, айыл чарба жана токой чарба багытындагы жерлердин өнүмдүүлүгүн калыбына келтирүүгө жана жогорулатууга багытталган укуктук, уюштуруучулук, экономикалык жана башка иш-чаралардын тутумун камтыйт.

2. Жерди коргоо жер тилкелеринин менчик ээлери жана жерди пайдалануучулар тарабынан ушул Кодекстин IV бөлүмүндө жана айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерге жана талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Жерди коргоонун максаты болуп төмөнкүлөр саналат:

1) жаратылышты коргоочу өндүрүш технологияларын колдонууга дем берүү жана рекультивациялоо жана калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүзүү жолу менен жерлердин деградацияланышынын жана кыртыштын катмарынын жана башка сапаттык көрсөткүчтөрүнүн бузулушунун алдын алуу;

2) жер кыртышын жакшыртууну жана калыбына келтирүүнү камсыз кылуу;

3) деградацияга же бузулууга дуушар болгон табигый тоют жерлерин калыбына келтирүү;

4) экологиялык ченемдерди сактоо.

---

Мурунку берене: [108-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-108)  
Кийинки берене: [110-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-110)
