# 108-берене. Жеке менчикте турган жерлерди которуунун (трансформациялоонун) өзгөчөлүктөрү жана 50 жылга чейин мөөнөттүү пайдалануусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-108>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-108.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 108-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-108

---

1. Жеке менчикте турган айыл чарба багытындагы жер тилкелери шаар куруу документтеринин, шаардагы жана айылдагы калктуу конуштардын аймактарынын курулуш салуу жана жер пайдалануу эрежелеринин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан жерлер алып коюлгандан кийин жеке турак жай курулушуна которулат.

2. Жер мунапысынын объекттерине туура келген жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жер мунапысы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Жеке менчикте турган жер тилкелерин "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) (мамлекеттик жаратылыш коруктары, мамлекеттик биосфералык коруктар, мамлекеттик жаратылыш парктары, дендрологиялык жана зоологиялык парктар, ботаникалык бакчалар, мамлекеттик комплекстүү корукчалар, мамлекеттик жаратылыш эстеликтери, трансчек аралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусу берилген мөңгүлөр жана кар күрткүлөрү микрокоруктар, геопарктар, жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биосфералык аймактардын жана/же резерваттардын өзөктүү зоналары) ушул Кодекске ылайык жерлер алынып коюлгандан кийин жүзөгө ашырылат.

4. Жеке менчикте жана 50 жылга чейин мөөнөттүү пайдаланууда турган жер тилкелери шаар куруу документтеринин, шаардагы жана айылдагы калктуу конуштардын аймактарында курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелеринин негизинде туристтик максаттарда объекттерди куруу үчүн жер тилкесин алып койбостон жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан которулат.

---

Мурунку берене: [107-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-107)  
Кийинки берене: [109-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-109)
