# 106-берене. Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жер тилкелерин которуунун (трансформациялоонун) өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-106>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-106.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 106-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-106

---

1. Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жер тилкелерин которуу (трансформациялоо), өнөр жай, транспорт жана коргоо маселелерин жөнгө салуучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын алдын ала макулдугу менен жүзөгө ашырылат.

2. Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана бузулган, булганган же бузулууга тийиш болгон (анын ичинде жер астындагы) имараттар, курулуштар, курулмалар курулган башка багыттагы жерлерди рекультивациялоонун бекитилген долбоору бар болгондо жерлердин башка категориясына которууга (трансформациялоого) жол берилет.

---

Мурунку берене: [105-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-105)  
Кийинки берене: [107-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-107)
