# 105-берене. Суу фондунун жерлерин которуунун (трансформациялоонун) өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-105>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-105.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 105-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-105

---

Суу фондунун жерлерин которууга (трансформациялоого) төмөнкү учурларда жол берилет:

1) өзгөчө корголуучу жаратылыш жана тарыхый-маданий аймактарды түзүү;

2) шаар куруу документтеринин негизинде калктуу конуштардын аймактарын түзүү, өзгөртүп түзүү жана кеңейтүү;

3) бул объекттерди жайгаштыруунун башка варианттары жок болгон учурда мамлекеттик же муниципалдык маанидеги объекттерди жайгаштыруу;

4) мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу жана жерлерди рекультивациялоонун бекитилген долбоору бар болгондо пайдалуу кендерди казып алуу;

5) мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу бар болгондо суу объекттеринин колдонулушун токтотуу, суу объекттеринин нугун, чек арасын өзгөртүү жана жайгашкан жерин башка өзгөртүүлөр;

6) мамлекеттик мааниге ээ болгон рекреация, маданий-ден соолукту чыңдоо багытындагы объекттерди куруу.

---

Мурунку берене: [104-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-104)  
Кийинки берене: [106-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-106)
