# 104-берене. Мамлекеттик токой фондунун жер тилкелерин которуунун (трансформациялоонун) өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-104>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-104.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 104-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-104

---

Мамлекеттик токой фондунун жер тилкелерин которууга (трансформациялоого) төмөнкү учурларда жол берилет:

1) Кыргыз Республикасынын коргонуусун жана мамлекеттик коопсуздугун камсыз кылуу;

2) мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу жана тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок экендигин археологиялык текшерүү жөнүндө корутундусу бар болгондо өзгөчө корголуучу жаратылыш жана тарыхый-маданий аймактарды түзүү;

3) токой жайгаштыруу документтеринде каралган максаттуу багытын өзгөртүү;

4) шаар куруу документтеринин негизинде калктуу конуштардын аймактарын, ден соолукту чыңдоо багытындагы рекреация объекттерин түзүү, өзгөртүп түзүү жана кеңейтүү;

5) бул объекттерди жайгаштыруунун мүмкүн болуучу башка варианттары жок болгон учурда мамлекеттик же муниципалдык маанидеги объекттерди жайгаштыруу;

6) жерлерди рекультивациялоонун бекитилген долбоору, мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусу жана тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок экендигин археологиялык текшерүү жөнүндө корутундусу бар болгондо пайдалуу кендерди казып алуу;

7) мамлекеттик мааниге ээ болгон рекреация, маданий-ден соолукту чыңдоо багытындагы объекттерди куруу;

8) электр берүү линияларын, энергетикалык курулмаларды, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен куруу.

---

Мурунку берене: [103-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-103)  
Кийинки берене: [105-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-105)
