# 10-берене. Мүлк (жер) салыгы. Жерди пайдалануу үчүн акы төлөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 10-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-10

---

1. Бюджеттен каржылануучу мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануучуларды кошпогондо, Кыргыз Республикасында жерди пайдалануу бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн акы төлөнүүчү пайдалануу болуп саналат.

2. Жерди пайдалануу үчүн төлөмдөр ижара акысынан, салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдөн турат.

Мүлк (жер) салыгы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык төлөнөт. Жайыттарды кошпогондо, ижара шартында жер тилкесин пайдалануу укугун алган жерди пайдалануучу тарабынан жер тилкесин пайдалангандыгы үчүн ижара акысы жана аны төлөө тартиби келишимдин негизинде белгиленет.

3. Мамлекеттик менчикте турган жерлерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысынын чектүү өлчөмү Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген методикага ылайык райондук мамлекеттик администрация тарабынан бекитилет.

Муниципалдык менчикте турган жерлерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысынын чектүү өлчөмү Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген методикага ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бекитилет.

4. Кыргыз Республикасынын аймагында жер тилкелеринин башка мамлекетке пайдаланууга берүүдө акынын өлчөмү эл аралык келишим менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-11)
