10-берене. Мүлк (жер) салыгы. Жерди пайдалануу үчүн акы төлөө
Күчүндө · 18.07.2025 редакциясы · 1-глава
1. Бюджеттен каржылануучу мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануучуларды кошпогондо, Кыргыз Республикасында жерди пайдалануу бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн акы төлөнүүчү пайдалануу болуп саналат.
2. Жерди пайдалануу үчүн төлөмдөр ижара акысынан, салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдөн турат.
Мүлк (жер) салыгы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык төлөнөт. Жайыттарды кошпогондо, ижара шартында жер тилкесин пайдалануу укугун алган жерди пайдалануучу тарабынан жер тилкесин пайдалангандыгы үчүн ижара акысы жана аны төлөө тартиби келишимдин негизинде белгиленет.
3. Мамлекеттик менчикте турган жерлерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысынын чектүү өлчөмү Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген методикага ылайык райондук мамлекеттик администрация тарабынан бекитилет.
Муниципалдык менчикте турган жерлерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысынын чектүү өлчөмү Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген методикага ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бекитилет.
4. Кыргыз Республикасынын аймагында жер тилкелеринин башка мамлекетке пайдаланууга берүүдө акынын өлчөмү эл аралык келишим менен аныкталат.
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (4)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 110 "Бишкек шаарында жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 30.06.2026 · № 110
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-июлундагы № 483 "Мамлекеттик жер тилкелерин пайдалануу үчүн ижара акынын өлчөмүн аныктоо методикасын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 13.07.2026 · № 483
- Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-декабры № I/15-57 “Жер тилкелеринин ижара баасын бекитүү” токтомуПостановление · 29.12.2025 · № I/15-57
- Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-декабры № I/15-59 “Жер тилкелеринин ижара баасын бекитүү” токтомуПостановление · 29.12.2025 · № I/15-59
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029465/st-10" title="10-берене - Кыргыз Республикасынын Жер кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>