# 1-берене. Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 1-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-1

---

1. Кыргыз Республикасында жер мамилелери Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Кодекс, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдору жана Кыргыз Республикасынын жер пайдалануу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

2. Башка ченемдик укуктук актыларда камтылган жер укугунун ченемдери ушул Кодекске ылайык келүүгө тийиш.

3. Ченемдик укуктук актыларда камтылган жер укугунун ченемдери Жер кодексинин жоболоруна карама-каршы келген учурда ушул Кодекстин жоболору колдонулат.

4. Жер казынасын, токой жана суу ресурстарын, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн, атмосфералык абаны пайдалануу жана коргоо боюнча мамилелер Кыргыз Республикасынын тиешелүү чөйрөлөрдөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-2)
