# Базар-Коргон шаардык кеңешинин 2025-жылынын 23-марты №2 «Базар-Коргон шаарынын мэриясында укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндөгү типтүү ЖОБОну бекитип берүү жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Базар-Коргон шаардык кеңешинин 2025-жылынын 23-марты №2 «Базар-Коргон шаарынын мэриясында укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндөгү типтүү ЖОБОну бекитип берүү жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 28.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029456>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43185/edition/34732/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Базар-Коргон шаардык кеңешинин 2025-жылынын 23-марты №2 «Базар-Коргон шаарынын мэриясында укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндөгү типтүү ЖОБОну бекитип берүү жөнүндө» токтому (28.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029456

---

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Базар-Коргон шаардык кеңешинин II чакырылышынын кезекcиз VII сессиясынын

2025-жылынын 28-марты №2

«Базар-Коргон шаарынын мэриясында укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндөгү типтүү ЖОБОну бекитип берүү жөнүндө»

“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “ Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” 2023-жылдын 24-январындагы №35 токтомунун 1-бөлүмүнүн 3-пунктуна ылайык, Базар-Коргон шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси А.Раевдин 05.03.2025-жылкы чыгыш 01-28/516 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз VII-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “ Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” 2023-жылдын 24-январындагы №35 токтомунун 1-бөлүмүнүн 3-пунктунун негизинде Базар-Коргон шаарынын мэриясында укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндөгү типтүү ЖОБО бекитилсин.

Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэриясынын юристи А.Болотбековго жүктөлсүн.

Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Жалиловго милдеттендирилсин.

Төрага

К.К.Анарбеков
