# Бишкек Шаарынын Мэриясынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 169 "Мамлекеттик менчикте турган жана Бишкек шаарынын мэриясына акысыз убактылуу пайдаланууга өткөрүп берилген суу фондунун жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга өткөрүп берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Бишкек Шаарынын Мэриясынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 169 "Мамлекеттик менчикте турган жана Бишкек шаарынын мэриясына акысыз убактылуу пайдаланууга өткөрүп берилген суу фондунун жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга өткөрүп берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 169
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029453>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43184/edition/34731/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029453.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек Шаарынын Мэриясынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 169 "Мамлекеттик менчикте турган жана Бишкек шаарынын мэриясына акысыз убактылуу пайдаланууга өткөрүп берилген суу фондунун жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга өткөрүп берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029453

---

БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

2025-жылдын 10-июлу № 169

Мамлекеттик менчикте турган жана Бишкек шаарынын мэриясына акысыз убактылуу пайдаланууга өткөрүп берилген суу фондунун жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга өткөрүп берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Мамлекеттик менчикте турган жана Бишкек шаарынын мэриясына акысыз убактылуу пайдаланууга өткөрүп берилген суу фондунун жер участокторун натыйжалуу башкаруу жана пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-февралындагы № 79 «Бишкек шаарынын чектериндеги суу фондунун жер участокторун пайдалануу маселелери жөнүндө» токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна, Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44 – беренесине ылайык, токтом кылам:

1. Мамлекеттик менчикте турган жана Бишкек шаарынын мэриясына акысыз убактылуу пайдаланууга өткөрүп берилген суу фондунун жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга өткөрүп берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын муниципалдык менчик башкармалыгы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү ушул токтомду Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтында жарыяласын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мэрдин биринчи орун басары, мэрдин милдетин убактылуу аткаруучу

М.К. Байгончоков
