# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июлунун “Бала асырап алган кызматкерлерге өргүү берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июлунун “Бала асырап алган кызматкерлерге өргүү берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 428
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029439>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43177/edition/34720/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029439.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июлунун “Бала асырап алган кызматкерлерге өргүү берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтому (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029439

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 18-июлу № 428

Бала асырап алган кызматкерлерге өргүү берүү тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 149-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Бала асырап алган кызматкерлерге өргүү берүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-декабрындагы № 606 “Бала асырап алган кызматкерлерге өргүү берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-майындагы № 257 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-декабрындагы № 606 “Уул (кыз) бала асырап алган кызматкерлерге отпуска берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 22-июлундагы № 54 (3710) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
