Кыргыз Республикасында салттуу (элдик) медицина жаатындагы адистерди даярдоо тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-июлундагы № 404 токтомуна)
Кыргыз Республикасында салттуу (элдик) медицина жаатындагы адистерди даярдоо тартиби жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасында салттуу (элдик) медицина жаатындагы адистерди даярдоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасында салттуу (элдик) медицина жаатындагы адистерди даярдоо тартибин аныктайт.
2. Салттуу (элдик) медицина жаатындагы кошумча кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча билим берүү ишин милдеттүү лицензиялоо менен менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан саламаттык сактоонун билим берүү уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасында салттуу (элдик) медицина жаатындагы адистерди даярдоо боюнча жалпы координациялоону саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
3. Салттуу (элдик) медицина жаатындагы адистерди даярдоонун максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) салттуу-тиричилик маданиятынын компоненти катары элдик медицина жөнүндө түшүнүктү калыптандыруу;
2) ар түрдүү коомдордо, медициналык практикалардын маданий контекстинде болуп келген жана болгон медициналык системалар жөнүндө билимдердин комплекси менен тааныштыруу;
3) медициналык билимдерди иштеп чыгуунун социалдык-маданий жана табигый-экологиялык факторлорун талдоону үйрөтүү;
4) салттуу (элдик) медицинаны натыйжалуу жана коопсуз колдонуу аркылуу ден соолукту чыңдоодо потенциалдуу салымды пайдалануу.
4. Салттуу (элдик) медицина жаатындагы адистерди даярдоо ушул Жобого, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган салттуу (элдик) медицина боюнча кесиптик окуу программаларына ылайык жүргүзүлөт.
5. Салттуу (элдик) медицина жаатындагы адистерди даярдоо кошумча кесиптик билим берүүнүн түрү болуп эсептелет. Окутуу күндүзгү окутуу формасында, контракттык негизде жүргүзүлөт.
6. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - жарандардын саламаттыгын сактоо, медициналык жана фармацевтикалык илим, медициналык жана фармацевтикалык билим берүү, дары каражаттарын, медициналык буюмдарды жана медициналык техниканы жүгүртүү, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын контролдоо жаатында жетекчиликти жүргүзгөн мамлекеттик орган; салттуу (элдик) медицина - элдик тажрыйбага негизделген медициналык билимдердин, көндүмдөрдүн жана ыкмалардын жыйындысы, алар ден соолукту чыңдоо жана дарылоо, ооруларды диагностикалоо жана алдын алуу максатында колдонулушу мүмкүн.
2-глава. Окутууга карата зарыл болгон талаптар
7. Салттуу (элдик) медицина жаатындагы адистерди даярдоо мөөнөтү саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
8. Салттуу (элдик) медицина жаатындагы даярдоого кесиптик медициналык билими бар адамдарга уруксат берилет.
9. Салттуу (элдик) медицина жаатындагы даярдоого кабыл алуу саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген адистиктердин тизмегине жана кабыл алуу планына ылайык жүргүзүлөт.
10. Салттуу (элдик) медицина жаатындагы адистерди даярдоонун натыйжасында адис төмөнкү билимдерге ээ болууга тийиш:
1) предметтик тармакта, проблемалуу чөйрөдө, "элдик медицина" дисциплинасынын методологиялык негиздеринде;
2) адам жөнүндө илимдин бир бөлүгү катары медициналык антропологиянын калыптанышынын негизги этаптарын;
3) элдик медицинаны изилдөө жаатындагы теориялык этнологиялык билимдин учурдагы абалын;
4) антропологиялык жана этнологиялык изилдөөлөрдүн методологиясын колдонуу боюнча;
5) изилдөө объектин типтештирүү жана классификациялоо боюнча;
6) бул дисциплина боюнча терминологияны;
7) жана аудиторияны алдына чыгып сүйлөө көндүмдөрүн;
8) жана далилдүү медицинаны талдоо көндүмдөрүн.
Адис алган билимин практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүн жана даярдыгын көрсөтүүгө тийиш.
11. Салттуу (элдик) медицина боюнча адистерди даярдоону камсыз кылуучу билим берүү уюмдары саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда бекитүү үчүн кесиптик стандарттарга ылайык билим берүү программаларын түзөт.
12. Далилдүү медицинаны эске алуу менен клиникалык адистиктер боюнча түзүлгөн салттуу (элдик) медицина боюнча медициналык кадрларды даярдоонун билим берүү программалары менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан билим берүү уюмдарынын, илимий-изилдөө институттарынын сайтына жайгаштырылат.
13. Билим берүү уюмунун жетекчиси саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча адистиктер боюнча салттуу (элдик) медицина жаатындагы адистерди даярдоо планын жыл сайын учурдагы жылдын 1-июлунан кеч эмес мөөнөттө бекитет.
14. Окуу процессин уюштуруу академиялык календардын, окуу сабактарынын расписаниесинин жана билим берүү программаларынын негизинде жүргүзүлөт.
15. Жыйынтыктоочу аттестациядан өткөн бүтүрүүчүлөргө билим берүү уюму же илимий-изилдөө уюму окууну аяктагандыгы жөнүндө белгиленген формадагы күбөлүктү берет. Күбөлүктүн формасы саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
3-глава. Салттуу (элдик) медицина жаатындагы практикалык ишке карата талаптар
16. Салттуу (элдик) медицина жаатындагы адистер үчүн квалификациялык талаптар төмөнкү критерийлерди камтыйт:
1) медициналык билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтер (медициналык билими жөнүндө диплом жана дипломдон кийинки медициналык билим берүүнүн сертификаты);
2) салттуу (элдик) медицина жаатындагы кошумча кесиптик билимин ырастаган мамлекеттик үлгүдөгү документ;
3) аттестациядан жана каттоодон өткөндүгүн ырастаган салттуу (элдик) медицина жаатындагы сертификатталган аттестаттын болушу;
4) бул тармакта иш жүргүзүү укугуна колдонуудагы лицензиянын болушу;
5) бейтаптар менен иштөөдө кесиптик жана этикалык ченемдерди сактоо;
6) кесиптик этиканы сактоо, бейтаптын укуктарын сыйлоо, маалымдоо менен процедураларды жүргүзүүгө макулдугун камсыз кылуу;
7) салттуу (элдик) медицинанын методдорун пайдаланууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ченемдик укуктук актыларын билүү.
17. Салттуу (элдик) медицина жаатындагы адистер аттестациядан жана каттоодон өткөндөн кийин менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында практикалык ишти жүргүзөт.
18. Кесиптик квалификацияны колдоо, даярдоо деңгээлин жогорулатуу максатында салттуу (элдик) медицина жаатындагы адистер беш жылда бир жолу аттестациядан өтүүгө тийиш.
19. Лицензиялоо жана сертификаттоо:
1) окутуу аяктагандан жана экзамендерди тапшыргандан кийин салттуу (элдик) медицина жаатында иш жүргүзүү укугуна лицензияны алуу тартиби лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык жөнгө салынат;
2) квалификацияны үзгүлтүксүз ырастоо, аттестациядан өтүү, ошондой эле практиканын жана окутуунун узактыгына карата талаптарды сактоо ченемдик укуктук актыларга ылайык жөнгө салынат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.