# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-июлундагы № 404 "Кыргыз Республикасында салттуу (элдик) медицина жаатындагы адистерди даярдоо тартиби жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-июлундагы № 404 "Кыргыз Республикасында салттуу (элдик) медицина жаатындагы адистерди даярдоо тартиби жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 404
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029396>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43150/edition/34660/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029396.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-июлундагы № 404 "Кыргыз Республикасында салттуу (элдик) медицина жаатындагы адистерди даярдоо тартиби жөнүндө" токтому (09.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029396

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 9-июлу № 404

Кыргыз Республикасында салттуу (элдик) медицина жаатындагы адистерди даярдоо тартиби жөнүндө

"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында салттуу (элдик) медицина жаатындагы адистерди даярдоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 11-июлундагы № 51 (3707) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары

Д.Дж. Амангельдиев
