# 467-берене. "Тамчы" АФИА субъекттерине салык салуу өзгөчөлүгү

- Документ: [Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029362)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 137 "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 137
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029362/st-467>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5576/edition/34620/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029362/st-467.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 467-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029362/st-467

---

1. Эгерде ушул главада жана "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында башкача каралбаса, ушул Кодекстин 465-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарына жооп берген "Тамчы" АФИА субъекттеринин иши салыктын бардык түрлөрүнөн бошотулат.

2. "Тамчы" АФИАнын чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө алынуучу салыктарды башкаруу ЕАЭБдин мыйзамдарына, бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

3. "Тамчы" АФИАдан Кыргыз Республикасынын калган аймагына ташылып чыгуучу товарларга карата салык салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.".

---

Мурунку берене: [466-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029362/st-466)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029362/st-6)
