# 8-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүдө юридикалык жактардын, диний, коомдук бирикмелердин жана жарандардын көмөктөшүүсү

- Документ: [Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029357)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-июнундагы № 125 "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029357/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5575/edition/34614/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029357/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө, 8-берене (23.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029357/st-8

---

1. Уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар, диний, коомдук бирикмелер, ошондой эле жарандар уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү милдеттерди чечүүдө ыйгарым укуктуу органдарга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

2. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүдө юридикалык жактардын, диний, коомдук бирикмелердин жана жарандардын көмөктөшүүсү уюшкан кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча милдеттерди чечүүгө көмөк көрсөтүүчү жактар жана фактылар жөнүндө маалыматтарды берүүдө чагылдырылат.

3. Мамлекет юридикалык жактарга, диний жана коомдук бирикмелерге укуктук коргоону, ошондой эле уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү милдеттерди чечүүдө ыйгарым укуктуу органдарга көмөк көрсөткөн же болбосо көмөк көрсөтүп жаткан жарандарды коргоону кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталган тартипте кепилдейт.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029357/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029357/st-9)
