# 6-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүнү маалыматтык камсыз кылуу

- Документ: [Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029357)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-июнундагы № 125 "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029357/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5575/edition/34614/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029357/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө, 6-берене (23.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029357/st-6

---

1. Ыйгарым укуктуу органдар жана финансылык чалгындоо органы уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү маалыматтарды чогултуу, сактоо, жалпылоо, талдоо жана пайдалануу максатында уюшкан топтордун жана кылмыштуу коомдоштуктардын өкүлдөрүнө карата тиешелүү каттоону (маалыматтар базасын) жүргүзөт жана маалыматтык-топтолмо материалдарды чогултат.

2. Жалпыга маалымдоо каражаттары жарнама жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүнүн талаптагыдай деңгээлин камсыз кылууга жана коомдо криминалдык идеологияны жана кылмыштуу жашоо образын туруктуу кабыл албоону, танууну жана айыптоону калыптандырууга багытталган маалыматтык материалдарды жайгаштырууга көмөктөшөт.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча маалыматтык-агартуу иш-чараларын өз алдынча да, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө да жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029357/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029357/st-7)
