6-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүнү маалыматтык камсыз кылуу
Күчүндө · 23.06.2025 редакциясы
1. Ыйгарым укуктуу органдар жана финансылык чалгындоо органы уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү маалыматтарды чогултуу, сактоо, жалпылоо, талдоо жана пайдалануу максатында уюшкан топтордун жана кылмыштуу коомдоштуктардын өкүлдөрүнө карата тиешелүү каттоону (маалыматтар базасын) жүргүзөт жана маалыматтык-топтолмо материалдарды чогултат.
2. Жалпыга маалымдоо каражаттары жарнама жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүнүн талаптагыдай деңгээлин камсыз кылууга жана коомдо криминалдык идеологияны жана кылмыштуу жашоо образын туруктуу кабыл албоону, танууну жана айыптоону калыптандырууга багытталган маалыматтык материалдарды жайгаштырууга көмөктөшөт.
3. Жалпыга маалымдоо каражаттары уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча маалыматтык-агартуу иш-чараларын өз алдынча да, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө да жүзөгө ашырат.
Берененин тексти 23.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029357/st-6" title="6-берене - Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>