# 5-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерин калыптандыруу

- Документ: [Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029357)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-июнундагы № 125 "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029357/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5575/edition/34614/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029357/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө, 5-берене (23.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029357/st-5

---

Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууну, ошондой эле туруктуу, комплекстүү жана тутумдуу укуктук жана уюштуруучулук негиздерин калыптандырууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкү иш-чараларды жүзөгө ашырат:

1) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат;

2) улуттар аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүгө багытталган эл аралык уюмдарга жана келишимдерге Кыргыз Республикасынын катышуусун камсыз кылат;

3) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүгө катышкан ыйгарым укуктуу жана башка мамлекеттик органдардын ишин зарыл болгон материалдык-техникалык, кадрдык, эксперттик, маалыматтык-аналитикалык жана башка жактан камсыз кылууну уюштурат;

4) аталган чөйрөдө аткаруу бийлигинин органдарынын ишин координациялайт, контролдойт жана башка жетекчиликти жүргүзөт;

5) ыйгарым укуктуу органдардын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча чараларды ишке ашыруучу башка субъекттердин ортосундагы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;

6) уюшкан топтор жана кылмыштуу коомдоштуктар тарабынан жасалган кылмыштардын алдын алууга, аныктоого, бөгөт коюуга жана ачууга багытталган программалык документтерди иштеп чыгат жана бекитет, ошондой эле алардын ишке ашырылышын контролдоону жүзөгө ашырат;

7) эл аралык кызматташтык механизмдерин өркүндөтүү, анын ичинде маалымат алмашуу, укуктук жардам, экстрадициялоо, кылмыштуу жол менен алынган активдерди кайтаруу жана биргелешкен иш-чараларды ишке ашыруу боюнча чараларды көрөт;

8) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз компетенциясынын чегинде башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029357/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029357/st-6)
