4-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүнүн принциптери
Күчүндө · 23.06.2025 редакциясы
Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү төмөнкүдөй принциптерге негизделет:
1) мыйзамдуулук;
2) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоо жана коргоо;
3) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүдө алдын алуу ишинин артыкчылыгы;
4) жоопкерчиликтин сөзсүз болушу;
5) адилеттүүлүк;
6) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча саясий, маалыматтык-пропагандалык, социалдык-экономикалык, укуктук, атайын жана башка чараларды пайдалануунун тутумдуулугу жана комплекстүүлүгү.
Берененин тексти 23.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029357/st-4" title="4-берене - Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>